Бишкектеги Совет-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Бишкектеги Абдрахманов (Совет)-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 18-июль күнү саат 17:40 чамасында болгон. Анда Д.У. аттуу айдоочу Лексус LX 570 үлгүсүндөгү унаасы менен эки жөө жүрүүчүнү сүзүп алган. Анын кесепетинен 1960-жылы туулган Асира Турманбетова окуя болгон жерден каза таап, экинчи адам денесинен оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Бул боюнча маркумдун жакындары 23-июль күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө башкармалыгына арыз менен кайрылышкан. Анын негизинде 24-июль күнү кылмыш иши козголуп, бүгүн айдоочу, 1982-жылы туулган Д.У. камакка алынды.

2010-жылы чыгарылган Лексус LX 570 унаасы 2015-жылдын май айында Бириккен Араб Эмираттарынан алынып келинген. Унаа ушул убакка чейин эч бир адамга катталган эмес. Айдоочу окуя болгон күнү таанышына таандык унаанын номурун тагып алып айдап жүргөн.

Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан