Араб дүйнөсүндөгү хиджабсыз жана паранжысыз саркеч айым (фото)

Моза бинт Насер аль-Миснеддин кийинүү стили араб дүйнөсү үчүн бир чети осолдук болсо, экинчиден, эрктүүлүк. Катардын эмири өзүнүн экинчи жубайына паранжысыз жүрүүгө уруксат берип тим болбостон, анын коомдук-саясий иштерге аралашуусуна жол берген. 
Моза шейх - Катар эмири шейх Хамад бен Халифа-аль-Танинин үч аялынын экинчиси, жети баланын энеси, планетадагы стилдүү канайымдардын бири жана коомдук-саясий ишмер. Ал 18 жашында турмушундагы "бактылуу билетке" туш болуп, мураскер ханзаада менен таанышып калган. Алгач психолог адистиги боюнча окууга тапшырып, окуусун Америкадагы престиждүү окуу жайдан уланткан. "Серый кардинал" атыккан айым жашоосун алгач үй-бүлөсүнө, балдарына арнаган. Күйөөсү 1995-жылы өз атасын тактан кулатып, бийликти колго алган учурда Катар тууралуу бүт дүйнө кеп кыла баштаган. Ошол кезде жаңы эмир эл алдына экинчи аялы, билимдүү, келишимдүү Мозаны алып чыккан.
Моза шейхтин тагдыры чыгыш жомокторундагы окуяларга окшоп кетет. Анын өмүрү тууралуу сериал тартылса, ал "Даңазалуу кылым" сериалындай болмок. Султан Сулеймандын ордунда - Катардын мураскер ханзаадасы, Хүррем болсо - Моза, катарлык ишкердин кызы. 

Моза шейх гуманитардык жана кайрымдуулук программалары менен иштешип, алдынкы мода үйлөрүндө тигилген көйнөктөрдү кийип эл алдына чыга баштайт. Мозанын образдарында узун кара көйнөк, башына кара жоолук байлаган демейдеги араб кийими жокко эсе. Ал узун көйнөк кийип, башына жоолукту чалма сыяктуу байлап, жынсы кийимдерди кийип жүрө алат.

55 жаштагы Моза шейх Перс булуңундагы бийлик башчыларынын аялдарынан айырмаланып бир катар саясий жана эл аралык кызматтарды ээлеп келет. Ал Катардын Билим берүү фондунун башчысы, Үй-бүлөлүк маселелер боюнча Жогорку кеңештин президенти, Билим берүү боюнча Жогорку кеңештин вице-президенти, ЮНЕСКОнун атайын өкүлү. Ал жарандык коом жана ММКлардын эркин өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүчү Араб демократиялык фондун түзгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
Enka13
2015-07-28 00:05:25
Азыр араб дуйносундо заманбап кийинген айымдар коп эле.Бул корунуктуу айымдардын бири гана. Мисалга,Амира Аль Тавил,Дина Абдулазиз аль-
Сауд,Хайя бинт аль-Хусейн ж.б.
+4
Guka_kg
2015-07-28 00:11:19
Кийинуу стили жакшы экен узун.
+2
PeRa
2015-07-28 01:54:20
Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу суйлосун экен да. Бир кедей аял ушинтип чыкса баары таш баранга алса керек. Эркектерге бетин корсоткон , суйлогон аялдар жазаланмак.
0
Elusha88
2015-07-28 02:00:02
Кийиген койноктору аябай жакшынакай ананда жарашыктуу экен.Чумконуп албай ушинтип деле кийинсе болот экенго.Эчбир ачык жериделе жок.Мага жакты.жынса кийген суротунон болгондо, бир коруп коймокбуз.
+5
bermet104
2015-07-28 02:07:48
Пластикалык операцияны бир нече жолу жасатканы байкалып турат. Мунозу темирдей бекем аял окшойт...
+2
mersedes2013
2015-07-28 02:19:29
оооо мен аябай сыйлайм бул айымды,акылдуулугунан ушундай даражада журот,карасанар боло кандай дуйнонун таасирдуу адамдары менен кол алышып жургонун.Aл эми кийинуу стилинде соз жок!
+4
rumaika5544
2015-07-28 05:59:09
Биз арабдарды ээрчибейбиз!!! Арабдар ким бизге?! Кайра кайрале арабдардын "ханзадааларын "корсотосунор! Арабдын эмес Аллаhтын буйругун аткаруудабыз. Араб деле эмне мага окшогон адамда,анын бетине урсан когорот менин бетиме урса деле когорот! Дагы бир кайталайм,аларды ээрчибейбиз!!...
+2
Taalaibek.
2015-07-28 06:40:07
кийими фотошоп го.
-1
beben
2015-07-28 09:57:56
Биздин аялдар да ушундай эле кийинсин узун койнок жоолук салып. Хиджаб кийбей эле
0
ertur
2015-07-28 10:30:07
адамдарда эркиндик бар, бирок Кудай Таала берген эреже менен айкалыш керек ошол эркиндик, эми ушул аялды туурап кийинуу деген туура эмес!
0
Pantherka
2015-07-28 11:48:01
Куйоосунон бийлик талашкан неме экен одноклассниктен окугам.
0
deva
2015-07-28 11:52:42
Күйөөсү мунун тилин угат окшойт ээ, тиги ханзаада атасын кулатып, анан муну ачыкка чыгарыптыр. Байкуш 1-аялы көмүскөдө калып калыптыр да
0
sabirdinovich
2015-07-28 18:20:08
Мне дейин эми?!
0
Aizek02
2015-07-28 21:19:19
Койноктору сооонун экен
0
samira8589
2015-07-30 00:13:12
Бирок фигурасы кээ бирки жаш кыздардыкынан жакшы экен, суйкайып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан