Борбор калаада дуатлон боюнча мелдеш өттү

Бишкек шаарынын мэриясы, КРнын Триатлон федерациясы жана "Sun People" чыгармачылык бирикмеси  тарабынан уюштурулган дуатлон боюнча биринчилик болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан 27-июлда билдиришти.

Мелдешке Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын 100гө жакын спортчулары катышты. Иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Абдужалил Юнусов ачып, спортчуларга ийгилик каалады. “Урматтуу катышуучулар, коноктор! Бүгүнкү иш-чараны уюштуруп жаткан Триатлон федерациясына ыраазычылык билдирем. Спорттун бул түрү биздин жергебизде дагы өнүгөт деген ишеничтемин. Ал эми спортчуларга ийгиликтерди каалайм”,- деди Абдужалил Жунусов.

Иш-чаранын алкагында спортчулар 5 км аралыкта чуркап, андан кийин 20 км велосипед менен жүрүп, акырында 2,5 км чуркоо менен жыйынтыкташты. Аталган мелдешке Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, шаар тургундары жана спорт күйөрмандары катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bekchoro
2015-08-06 16:57:51
Байге жокбу эле ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан