Москвада 27-июль күнү кыргыз жараны туугандары менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда чагылган түшүп, ал көз жумду. Жамгыр жаап, чагылган түшкөн учурда дарактын астында туруп мобилдик телефон колдонгондуктан, ал дарыгерлер келгенче жан берген. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, маркул Дилшод Айдаров эки жумушчу менен дарыяга түшүүчү жолго кармагычтарды орнотуп жатышкан. Күн күркүрөп баштаганда жумушчулар дарактардын түбүндө турушкан. Бул арада ал кыргыз жеринде жашаган туугандарына телефон чалып сүйлөшүүнү чечкен. Чагылган түшкөндө анын бүт кийими күйүп, денеси карарып кеткен. Башка дарактын астында турган жумушчулар жеңил жаракат алышкан.