Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы сейил бакка ачык асман алдында машыгуучу тренажёрлор орнотулду. Машыгуучу жабдуулар Түркия тарабынан Бишкек мэриясына кайтарымсыз берилген. Бул тууралуу 28-июлда мэриядан билдиришти.
Комплексти ачып жатып шаар мэри Кубанычбек Кулматов: "Калаабыз үчүн маанилүү деп саналган ушундай чакан саамалыгыбыз кут болсун! Шаардыктар бул жерде сейилдеп тим болбостон, таза абада машыгышса деген үмүттөбүз",- деди.