Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Мен өзүм Өзбекстандан болом, Кыргыз Республикасынын жаранына турмушка чыкканыма З жыл болду. Ушул жакта окуп билим алгам. Азыр паспорт ала албай жатам. Кантип паспорт алсам болот? Документтердин баарын бүтүрүп, тапшыргам. 3 айда келет дегенине 3 жыл болду, паспорт алган жокмун. Бир жолу бирөө телефон чалып, "500 доллар берсеңер бир айда келет" деген. Андай акча жок экенин, бере албай турганыбызды айтсак, "анда документиңер тура берет, Бишкекке жөнөтпөйбүз" деген эле. Чын эле 500 доллар менен бүтөбү паспорт? Суроо калтырган Nadir27
Жооп: - "Паспортко документтеримди үч жыл мурун тапшыргам" деген Ж.Н.А. аттуу жарандын аты-жөнү 2012-2013-2014-жылдарда Ош облусу боюнча тапшырылган документтердин арасынан табылган жок. Анын Өзгөн шаарындагы паспорт бөлүмүнө тапшырганы, андан аталган бөлүмдүн кызматкери өз ара сүйлөшүүдө 500 доллар талап кылганы тууралуу бизде маалымат жок.
Азыр этникалык кыргыздар Кыргыз Республикасынын жарандыгын оңой алып калышты. Ал үчүн паспорттун көчүрмөсү, жашаган жеринен маалым кат (справка), 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү керек. Кайрадан паспорт алууга документтериңизди тапшырып көрүңүз.
Суроого Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош облусу боюнча паспорт жана виза иштерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн адиси жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.