Бүгүн, 28-июлда малайзиялык журналисттер Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда болушуп, маданий борбордогу бардык экспонаттар менен таанышышты. Айрыкча экспонаттарды тааныштыруучуларга коноктор тарабынан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндө суроолор көп берилди. Малайзиялыктар кыргыз өлкөсүндөгү диний кырдаалга да кызыгып, бир катар суроолоруна жооп алышты.
Айта кетсек, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен өлкөгө “The Star”, “TV3 Malaysia”, “Bernama” аттуу 3 ири малайзиялык медиамекеменин журналисттери келишкен. Алар: кабарчы Ох Чин Энг (“The Star”), фотограф Онг Сун Хин (“The Star”), кабарчы Азария Тагайа (“TV3 Malaysia”), оператор Ахмад Азизи бин Аднан (“TV3 Malaysia”), кабарчы Суриати Сануси (“Bernama”) жана оператор Хайрул Икхван бин Жаафар (“Bernama”).
Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасын эл аралык аренада даңазалоо.