Лейлектеги Козу-Баглан дарыясындагы көпүрөнү калыбына келтирүү иштери убактылуу токтотулат

Лейлек районунун Катраң айыл аймагындагы Өзгөрүш айылында 2015-жылдын 25-июлунда саат 17:40 чамасында Козу-Баглан дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Өзгөрүш айылынын ичиндеги ички чарбалык көпүрөнүн оң жагын суу жууп, кооптуу абалга келтирген. КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы 29-июлда билдирди.

Азыркы учурда көпүрө аркылуу автоунаалар үчүн жол каттамы жабылып, көзөмөлгө алынган. Адамдар үчүн жол каттамы бар. Көпүрөнүн суу жууп, кооптуу абалга келген жерин дарыядагы суунун көптүгүнөн калыбына келтирүү иши убактылуу токтоп турат.  

Козу-Баглан дарыясындагы суунун деңгээли 2015-жылдын 28-июлуна карата 25 метр куб, максималдуу суу өткөрүмдүүлүгү секундасына 67,5 метр куб. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.     

                                                                 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан