Малайзиялык коноктор Ысык-Көлдө жөнөкөй кыргыз тиричилиги менен таанышышты (фото)

Малайзиядан келген журналисттер 28-июлда Ысык-Көлдө кыргыз тиричилиги менен таанышышты. Көл жээгиндеги конок үйлөрдүн биринин ээси меймандарды жылуу маанайда тосуп алып, накта меймандостук сапатын көрсөттү. Шыпылдап кызмат кылып, үйүндөгү өзгөчөлүктөр менен туристтерди тааныштырып чыкты. Журналисттер бул жерден стол теннисин ойношуп, кыргыз даамдарынын башка түрлөрүнөн ооз тийишти. Малайзиялык журналисттер пансионаттын тамактарына салыштырмалуу жөнөкөй кафелердин тамак-ашы даамдуураак экенин белгилешти. 

Айта кетсек, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен өлкөгө “The Star”, “TV3 Malaysia”, “Bernama” аттуу 3 ири малайзиялык медиамекеменин журналисттери келишкен. Алар: кабарчы Ох Чин Энг (“The Star”), фотограф Онг Сун Хин (The Star”)кабарчы Азария Тагайа (“TV3 Malaysia”), оператор Ахмад Азизи бин Аднан (“TV3 Malaysia”), кабарчы Суриати Сануси (“Bernama”) жана оператор Хайрул Икхван бин Жаафар (“Bernama”).

Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасын эл аралык аренада даңазалоо.

Кыргызстан малайзиялык журналисттердин көзү менен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aikol87
2015-07-29 10:18:53
Озу карапайым эле адамдарыбыз жакшы конок келсе тогулуп чачылып сыйлап алышат.
+21
KYRGYZJERI
2015-07-29 11:28:41
aikol87,
ооба мен да сага кошулам.
мен да озум колдон болом.
алыстан келген инострандар пансионаттан коро жер уй деп коп киши болуп келип эс алгандар коп.
Эс алууга жер уйлор абдан жакшы, ээлери да жонокой жана биздин жашоону кенири билип кетишмек.
+2
Eraly___
2015-07-29 11:20:54
Ошкода жоноткуло журналисттерди, аш жана самса менен мыйман кылвирели.
+11
karona
2015-07-29 12:08:33
Буларды ар нерсе кылышты го
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан