Тоо арасындагы кооптуу делген көлдөргө байкоо жүргүзүлдү

Тоо арасындагы кооптуу делген көлдөргө байкоо жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 28-июль күнү КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругу менен министрликтен атайын ыкчам топ түзүлүп, бийик тоодогу кооптуу деп эсептелген көлдөргө: Адыгене, Ак-Сай, Кашка-Суу, Туюк-Төр, Челек-Төр, Кең-Төр, Миң-Жылкы, Такыр-Төр, Көл-Төр, Ат-Жайлоо жана Туюк-Жарга байкоо жүргүзгөн. Байкоо учурунда жогорудагы көлдөр туруктуу жана ташып кетүү боюнча коркунучу жок экендиги аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karona
2015-07-29 11:46:37
Ошондой эле болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан