Бишкектин тургуну 1 жылдан бери мурунку күйөөсүнөн кызын ала албай жатканын айтууда

Бишкектин тургуну Жайнагүл Кожогулова 1 жылдан бери 2 жашар кызын мурунку күйөөсү Азамат Токтобеков бербей жатканын айтып акыйкатчыга арыз менен кайрылды. Жабырлануучу кайненеси Дилде Тезекбаева менен мурунку күйөөсү кызын Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тоготой айылында мыйзамсыз алып жүрүшкөнүн айтууда. 
"Жабырлануучу өзүнүн туугандары менен Тоготой айылына барышканда алар баланы берүүдөн, ал тургай аны көрсөтүүдөн баш тартышкан. Бул боюнча Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгына бир нече жолу арыз менен кайрылып, бирок укук коргоо кызматкерлери анын арызын кабыл албай коюшкан. Акыйкатчы институту маселени чечүүгө көмөктөшүү боюнча Кара-Кулжа райондук үй-бүлөнү жана балдарды социалдык колдоо башкармалыгынын жетекчиси Ж.Шариповго кабар жиберди",- деп билдирет мекеме.
Акыйкатчы институту кызды апасына кайтарып берүүгө жана бул ишке катышы барларга укуктук баа берүүгө күч жумшай турганы айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirlanpiter
2015-07-29 16:31:08
Озу таштап эми кайра талашып атканго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан