Өкмөт жооп берет: Орусиядагы кыргыз жарандары Орусиянын "кара тизмесине" канча жылга киргизилгенин кайдан билсе болот?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: Орусияда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары Орусиянын "кара тизмесине" канча жылга киргизилгенин кайдан билсе болот?

Жооп: - Орусияда иштеген кыргыз жарандарын Орусиядагы мигранттардын "кара тизмесине" канча жылга киргизилгенин аныктоочу Кыргыз Республикасында база жок. Бул база Орусиянын Федералдык миграциялык кызматында гана бар. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги кайсы жаран канча жылга "кара тизмеге" киргенин билип бере албайт, себеби бул тууралуу маалыматтарды аталган мекеме ачыкка чыгарбайт. Ар бир адам өзү тууралуу маалыматты алуу үчүн аталган органга кайрылып билип алса болот.  

Суроого Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалымат кызматынан жооп беришти.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Gulzat-88
2015-07-29 17:13:10
Фмстин сайтына кирип билсенер болот данныйларды жазып
0
Delete
2015-07-29 17:27:23
0
nurik2103
2015-07-29 17:55:41
Gulzat-88, ал жакта чыккан чыкпаганында гана билсен болот
0
samira2014
2015-07-31 14:29:51
Gulzat-88, данныйларын жазып текшерсем инициатор закрытия Красноярский Край деп гана чыгып атат А канча моонотко киргизилгенин эч жактан Биле албай койдум
0
novayariga
2015-07-29 17:41:32
Макалага караганда комментарийде так жооп жазылыптыр го
+1
batma200294
2015-07-29 19:46:28
Рахмат супер инфо,ишиниздерге ийгилик!
0
batma200294
2015-07-29 20:15:51
Орусиянын федаралдык миграция кызматына кантип кайрылсак болот?
0
batma200294
2015-07-29 20:17:43
Кыргызстанда журсок озубуз,фмс гов ру дан только кара тизмеде же кара тизмеде эмес экенин гана билсе болот экен
0
uulay
2015-07-30 01:58:39
Урматуу инфо мени кара тизмеден чыктын деп кагаз беришкен ошто миграционный пунктан анан озум да текшердим таза.бирок 24.07.2015 мен сургутка барып келдим киргизген жок.эми кандай билсем болот айтып койсонуздар сураныч.белетке да куйдум
0
uulay
2015-07-30 01:59:48
Чыктымбы же жокбу кандай билем..чоон рахмат
0
batma200294
2015-07-30 05:53:31
Uulay Жогоруда сайттын дареги жазылып турат,ошодон текшерип билесиз
0
tynara81
2015-07-30 09:18:16
Ал ФМСтин сайтынан аныгын биле албайсыңар. Мен жок болчум, ошол сайттан текшергенде, бирок былтыры аэропорттон учпай калгам, черный списокто экенсиң дешкен. Учпай калгандан кийин да жок элем, ФМСтин сайтынан текшергенде.
0
chynara-84
2015-07-30 12:21:37
Саламатсыздарбы Супер Инфонун жамааты!Мен окмот жооп берет деген болумго,турак жай маселеси боюнча бир жума мурун жаздым эле.Качан жооп келет?Жерлер мыйзамдаштырылабы деген теманын ичине жазгам,же туура эмес адреске жазып алдымбы?Жардам берип койгулачы?
0
admin_superstan
2015-07-30 12:45:42
chynara-84, саламатсызбы!
Жооп келсе эле жарыяланат.
0
chynara-84
2015-07-30 13:05:48
Рахмат!
0
batma200294
2015-07-30 17:10:33
tynara81 Анда фмс ишеничтуу болбосо,кайдан аныгын билсе болот?
0
kaniet
2015-07-30 19:49:53
Достор, мен Москванын ФМСне кайрылдым, кара тизмеге киргенимдин себебин статья менен кабарлашты, бирок мен статьясын түшүнбөдүм, мен 2014-жылы мартта кара тизмеге кириптирмин, эми 2016-жылы 15-майда чыгат экенмин. СИздер да кайрылып көргүлө.10 күн ичинде жооп келет экен, паспортуңарды сканерлеп кошо жибергиле ал жака, кайсыл паспорт менен кирип чыгып аткан болсоңор, ошону жибергиле!
0
batma200294
2015-07-31 07:27:02
Саламатсызбы kaniet!фмске ким же эмне аркылуу кайрылуу керек и каяктан.поспортту сканерлеп эмне менен кошо жибериш керек,рахмат.жооп кутом
0
admin_superstan
2015-07-31 10:53:01
Саламатсыздарбы!
Кыргыз өлкөсүнүн жарандары Орусиянын "кара тизмесинен" чыкканы же чыкпаганы тууралуу Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнө байланышып маалымат алышса болот.
Байланыш телефондору: (0312) 90-63-05, 90-63-82.
http://www.super.kg/kabar/news/120047/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан