"Кара тизмеден" 10 күндүн ичинде чыгышы мүмкүн деген 49 миң кыргыз жаранынын 500дөн ашыгы гана чыгарылды

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы мигранттардын "кара тизмесинде" турган Кыргыз Республикасынын 49 миң жараны 10 күн аралыгында тизмеден чыгарылышы мүмкүн экенин билдирген.
Бирок аталган тизмеден 49 миң жарандын 500дөн ашыгы гана чыгарылганын SUPER.KG'ге бүгүн, 29-июлда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 
"49 миң жаранды бир күндө тизмеден чыгарып коюуга мүмкүн эмес. Этап-этабы менен чыгарылып жатат. Бизге келген маалыматтар боюнча, 500дөн ашык жаран аталган тизмеден чыгарылды",- деди басма сөз кызматкери. 
Ал эми КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева буларды айтты: 

"49 миң жаран - булар 3 жылга "кара тизмеге" киргендер. Алардын бир жарым жылдык мөөнөтү кыргыз жеринде өтсө, кайра Орусияга кире алышат. "Кара тизмеге" кирип калган жарандар бир жарым жыл убактысы өткөндөн кийин Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын маалымат базасынан өзү тууралуу маалыматты текшерип, тизмеден чыгарылган болсо, кире берсе болот. Тизмеден чыгарылгандарды Федералдык миграциялык кызмат 20-июлдан бери маалымат базасына жүктөп жатат.

Ал эми 192 миң кыргыз жараны Орусия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жүргөнүн билдиргенбиз. Алар ушул жылдын 20-июлунан тартып 1-ноябрга чейин Орусиянын аймагынан чыгып, кайра киришсе болот. Учурда айрымдары документтерин тууралап алуу үчүн чыгып кетип жатышат. Ал эми колунда 5 же 10 жылга Орусия аймагына кирүүгө тыюу салынган соттун чечими болуп туруп чыкпай жүрүп алгандар эми чыгып, кайра киребиз дешсе, кайра кире алышпайт. Алар ошол соттун чечимине ылайык, чектелген мөөнөтү өткөндөн кийин гана кирүүгө укук ала алышат".

Ал эми кыргыз өлкөсүнүн жарандары Орусиянын "кара тизмесинен" чыкканы же чыкпаганы тууралуу Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнө байланышып маалымат алышса болот. 

Байланыш телефондору: (0312) 90-63-05, 90-63-82.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
Oleg86
2015-07-29 20:49:28
Урматтуу мекендештер эч ким буга чейин кара тизмеде болсо чыккан жок. Андан сырткары ким чек арадан отсо ошол адамдар кара тизмеге кирип жатат.Бул биздин мамлекеттик органдар берген маалымат чындыкка кошбой жатат. 29-июлдан 10-ноябрга чейин чек арадан кирди чыкты кылса мурунку мыйзам бузуулары жок кылынат деген да жалган. Бул нерсе биздин чет жерде жургон мигранттар келип шайлоого катышсын деп чыгарылган оюну.Урматтуу мекендештер ошон учун ойлонуп, таразалап туруп чек арадан кирди чыкты кылгыла.
+9
uulay
2015-07-29 22:39:31
Oleg86, туура айтасын мен да кошулам
0
origami
2015-08-01 11:23:55
Oleg86,туура айтасыз.былтыркы жылы Молдовандарды да документтерин тазалаганга 3ай убакыт берилет деп баары массово чыгып кетишип кайра кире албай калгандар коп болгон.ошондой болгондон кудай сактасын мекендештерди
0
nurbiyke2014
2015-07-29 21:17:45
batma200294 Мени чыгарыптыр кара тизмеден ин шаа Алла
+2
Altyn198
2015-07-29 21:52:28
nurbiyke2014, куттуктаймын анда сени
+1
nazira1989
2015-07-29 22:06:39
Менин жолдошумду 20-июль куну чыгарып,кайра 21-июлда кара тизмеге киргизип коюптур...Жаман эле болушту го.
0
uulay
2015-07-29 22:38:03
Ээ ишенбегиле мени чыкты дешкен колума кагаз турундо да беришти сургутка учуп киргизбей кайра келдим белетке да куйдум
0
nurbiyke2014
2015-07-29 23:42:57
uulay, Сиз озунуз да текшердиниз беле ?Емнеге андай болду екен ?Менда билет алайын деп атпадым беле?!Анда ишенбеш керек екен
0
uulay
2015-08-01 02:39:02
nurbiyke2014, текшердик таза чыгып аткан бирок 24 белет алып оштон пограндан таза оттум сургуттан чыгып калды кайра ошол самалет менен кайттым.колума уведомления да беришти 24.04.2014 кирген экенмин до 04.05.2016 га чейин
0
chinara88
2015-07-29 23:03:39
Ээ жалган эч Ким чыккан жок мен да чёрный списоктомун чыкпапмын.айтып койгулачы кайсы моонотко чейин кара тизмеде экенин кайерден текшерсе болот жазып койгулачы
0
alisa0910
2015-07-29 23:42:12
РФда жургондо документи жок журуп,границадан чыкса,анда созсуз кара тизмеге киргизип коёт экен.Эгерде жыл сайын документти таза жасатып турсан,проблеммасы жок эле кирип чыгасын,биз жылда ошентип эле чыгып келебиз.Ал эми чондорубуз мигранттардын маселесин он жагына чечип беришсе экен,наныбызды Россиядан таап жеп жаткандан кийин.Ар ким ар нерсени айтып жатышат, кимисине ишеништи да билбей калдык.
+1
samira8589
2015-07-29 23:55:48
services.fms.gov.ru дан текшерип коргуло
0
kalysbek.89
2015-07-30 00:49:45
Кирбей эле койбоду не жардамы тийет эле анан кору качып без патент иштеп журобергиле... Дагын деле журобуз кол койуш керек деп не кереги бар Ушул миграциида иштеген адамдарга колунан келбесе. ушу менен президенттик шайлоого чейин барат ким кошулат созумо 2016 кирет 100% кепилдик бере алам.
+1
batma200294
2015-07-30 01:07:38
Оо куттуктайм nurbiyke2014.Аллахым бизге да насип этсе экен.
+1
nurbiyke2014
2015-07-30 02:35:22
batma200294, Рахмат Сабыр кылып куто турунуз сизди да чыгарып калар Тез тезден текшерип турсаныз
+1
Drogba
2015-07-30 03:29:42
Биздин боок курсактар качан эле элди ойлоду эле жалганды айтып жатат оозуна уурдум тышкы иштер минстрин .Томожный союзга киргенде канча миллион акча болунот деген Россия ошонун артынан журот жогоруда иштегендер карапайым элди олгондо да ойлобойт азыркы бийлик.
+3
Muha86
2015-07-30 14:11:01
Биздин чондорду ушул сеткага камаш керекта кышынды -25º 4-5 саатка.
0
kyrgyzka96
2015-07-31 10:48:26
2 жылга вдворение болуп черный списоко тушкондор барбы
0
uulay
2015-08-01 02:40:24
kyrgyzka96, бар 24.04.2014 до 04.05.2016
0
uulay
2015-08-01 11:24:47
Ал эми кыргыз өлкөсүнүн жарандары Орусиянын "кара тизмесинен" чыкканы же чыкпаганы тууралуу Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнө байланышып маалымат алышса болот.

Байланыш телефондору: (0312) 90-63-05, 90-63-82.жалган.ал жак озунордун мигационный пунктунарга кайрылгылар деп телефонду койуп койушту.озу кимге ишенсе болот???
0
batma200294
2015-08-02 20:09:29
Элдерди алдап тиякка ,биякка судуроп журушот ,кайран карапайым калкым ай
0
bakyt_2015
2015-08-02 21:08:32
Эмне деген куруган олко болдук эч кимге созу отпогон. Бир союзда турган сон женил эле маселе эле ушуну чечип коюш.Назарбаев кол койбосо жатып алсын, орустардын айтканын лам дебей аткарышат чечип кой элдин маселесин десе чечет эле го. Алардыкын аткарган сон аларды да аткар дегенге жараш керек да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан