Малайзиянын эң алдынкы массалык маалымат каражаттарынын журналисттери Ысык-Көл облусунда 5 күн болуп, бүгүн, 29-июлда Бишкекке кайтышты. Борбор калаага келишери менен алар Өчпөс отко жана "Ала-Тоо" аянтына барышты. Бул жерлерде да алар сүрөткө жана видеого тартууну улантышты.
Айта кетсек, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен өлкөгө “The Star”, “TV3 Malaysia”, “Bernama” аттуу 3 ири малайзиялык медиамекеменин журналисттери келишкен. Алар: кабарчы Ох Чин Энг (“The Star”), фотограф Онг Сун Хин (“The Star”), кабарчы Азария Тагайа (“TV3 Malaysia”), оператор Ахмад Азизи бин Аднан (“TV3 Malaysia”), кабарчы Суриати Сануси (“Bernama”) жана оператор Хайрул Икхван бин Жаафар (“Bernama”).
Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасын эл аралык аренада даңазалоо.