Малайзиялык журналисттер “Супара” этнокомплексинде болушуп, кыргыздын нукура өзгөчөлүгүн көрүштү

Малайзиялык журналисттер 29-июлда Бишкектин четиндеги “Супара” этнокомплексинде болушуп, кыргыздын нукура өзгөчөлүгүн көрүштү. Коноктор алгач комплекстин музейиндеги экспонаттар менен таанышып, аймактын өзгөчөлүгүнө суктанышып, улуттук кийимчен кызматкерлер менен сүрөткө түшүштү.

Иш-чарада быйыл Малайзияга барып келишкен кыргыз журналисттери Малайзиядагы сапары тууралуу айтып беришсе, коноктор Ысык-Көл облусундагы туризм тармагынын артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу ойлорун айтышты.

Кечеде кыргыз журналисттеринин малайзиялык конокторго арнаган музыкалык программасы орун алып, кыргыз жана малай элинин улуттук музыкалары жаңырды. "Супаранын" атынан конокторго ырчы Гүлнара Раимжанова комузда, ооз комузда өнөрүн тартуулап, кыргыздын керемет кайрыктары оболоду. Баарынан да ырчы комуз менен малай тилинде ырдаганда коноктор абдан таң калышып, сүйүнүчтөрү коюнга батпай жыргап угушту. Соңунда меймандарга белектер тартууланды.

Эскерте кетсек, быйыл 6-июнда тажрыйба топтоо үчүн мамлекетибиздин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана кыргыз эстрада жылдыздары Малайзияга барышкан эле.

24-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен өлкөгө “The Star”, “TV3 Malaysia”, “Bernama” аттуу 3 ири малайзиялык медиамекеменин журналисттери келишкен. Алар Ысык-Көл облусунда 5 күн болушуп, кечээ, 29-июлда Бишкекке келишти. 

Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасын эл аралык аренада даңазалоо.

Бүгүн, 30-июлда кечке маал чет өлкөлүк коноктор мекенине кайтышат.



Кыргызстан малайзиялык журналисттердин көзү менен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
windom
2015-07-30 08:42:54
Шугурчулук Супарачылар жакшы мамиле кылган окшойт ээ? Болбосо...
+4
Uli6886
2015-07-30 08:46:38
Болбосо каприз же бишкектеги мейманканаларга окшоп шывайт беле)))
+2
beben
2015-07-30 08:48:58
Ой азамат Гулнур эжекебиз чогуу журотко !!!
0
newman
2015-07-30 09:15:59
малайлар тарткан программа жарыкка чыккандан кийин созсуз котормосу менен жуктонуздор. 3 агенттик даярдаган программаларды
0
Bekchoro
2015-07-30 10:04:34
Кылычбек Султанов КРнын Малайзиядагы элчиси бул журналисттерди КРга жолдомо берип жоноткон мейманканаларды суйлошуп, тилекке каршы мейманканалардагы тейлоо жакшы эместиги дароо байкалган акырында чыдабай озу келгенго Кылычбек мырза.
0
Bekerpoz
2015-07-30 11:02:47
Азаматсыз! Бул 3 медиа мекемелердин каналдарынан жакынкы кундору Кыргызстан жонундо телеберуулор чыкса, ооооууу! Туристтер коп келери анык! Малайзияда байлар бут Египет, Араб Эмираттары, Турцияга барышат деп уккам. Эми бизге дагы келишер деген умуттобуз. Кылыч байке, азаматсыз! Сизде потенциал бар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан