Азария Тагайа, малайзиялык журналист: “Кыргыз жерине кийинки жолу келгенде атка көбүрөөк минүүгө аракет кылам”

“Кыргыз мамлекетине келгенге чейин бул өлкө жөнүндө кенен маалыматым жок болчу”,- деп билдирди бүгүн, 30-июлда маалымат жыйында Малайзиянын "Bernama" мамлекеттик маалымат агенттигинин журналисти Суриати Сануси.

Анын айтымында, ал кыргыз жерине келерде интернеттен өлкө жөнүндө маалымат издеген. "Интернетте мен тапкан маалымат менен биз өзүбүз көргөн нерселердин ортосунан чоң айырма тапкан жокмун. Бийик тоолор, кооз Ысык-Көл, кереметтүү жерлерди көрдүк. Бизди коштоп жүргөн топ ар бир жер жөнүндө толук маалымат берип жатты",- деди Сануси. 

Малайзиянын "TV3" телеканалынын журналисти Азария Тагайа өлкөдө жаныбарлар абдан көп экенине таң калганын билдирди. "Малайзиянын Куала-Лумпур шаарынан мышыктар менен иттерди гана көрүүгө болот. Кийинки жолу кыргыз жерине келгенде атка көбүрөөк минүүгө аракет кылам",- деди Тагайа.

Кыргызстан малайзиялык журналисттердин көзү менен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
edu.k
2015-07-30 11:18:25
Ммм жакшы. Мекенибиз буларга жаккан сыяктуу. Эми барганда билинет да жамандайбы мактайбы бизди....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан