"Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен маектешүүдө анын мамлекетти кантип туура башкаруу керектигин так билгенин көрдүк",- деп билдирди бүгүн, 30-июлда маалымат жыйынында Малайзиянын "The Star" медиахолдингинин журналисти Ох Чин Энг.
Анын айтымында, малайзиялык делегация өлкө башчы менен жолугушканы үчүн кубанычта. "Президент ыңгайсыз суроолордон качкан жок. Биз менен жылуу маанайда маектешти. Жолугушуубуз бир сааттан ашык убакытка созулса да, абдан тез өткөндөй сезилди",- деди Чин Энг.
Айта кетсек, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен өлкөгө “The Star”, “TV3 Malaysia”, “Bernama” аттуу 3 ири малайзиялык медиамекеменин журналисттери келишкен. Алар: кабарчы Ох Чин Энг (“The Star”), фотограф Онг Сун Хин (“The Star”), кабарчы Азария Тагайа (“TV3 Malaysia”), оператор Ахмад Азизи бин Аднан (“TV3 Malaysia”), кабарчы Суриати Сануси (“Bernama”) жана оператор Хайрул Икхван бин Жаафар (“Bernama”).
Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасын эл аралык аренада даңазалоо.