24-29-июль күндөрү кыргыз жери менен таанышкан малайзиялык журналисттерге бүгүн, 30-июлда маалымат жыйынында "Малайзиянын эли кыргыздардан эмнени үйрөнсө болот?" деген суроо берилди. "The Star"
медиахолдингинин журналисти Ох Чин Энг кыргыз жеринде үй-бүлөлөр ортосундагы достук абдан бекем экенин белгиледи. "Ысык-Көлдүн жээгинде ата-энелер балдары менен жыргап эс алышканын көрдүм. Ушуну биз сиздерден үйрөнсөк болот. Мындан тышкары тамактануу учурунда кыргыздар тамак-ашын жеп бүтүп, анан шашпай сүйлөшүшөт экен. Биз болсо тамактануу учурунда эле кыйкырып сүйлөшөбүз",- деди Чин Энг.
"Малайзияда ар бир адам акча үчүн чуркап, убакыт тез өтөт. Кыргыз эли акырын басып, эс алып жашайт экен. Ушуну да үйрөнсөк болот сиздерден. Акчанын артынан чуркабай, мезгил-мезгили менен Малайзия эли да эс алса болот",- деп кошумчалады журналист.
“Bernama” медиамекемесинин оператору Хайрул Икхван ар бир өлкөнүн кемчиликтери болорун белгиледи. "Жашоодо бардыгы идеалдуу болбойт да. Туризм тармагындагы кемчиликтерди жоюу үчүн интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жазып жарыялап турсак, бул маселени чече алабыз",- деп сунуштады Икхван.
Айта кетсек, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен өлкөгө “The Star”, “TV3 Malaysia”, “Bernama” аттуу 3 ири малайзиялык медиамекеменин журналисттери келишкен. Алар: кабарчы Ох Чин Энг (“The Star”), фотограф Онг Сун Хин (“The Star”), кабарчы Азария Тагайа (“TV3 Malaysia”), оператор Ахмад Азизи бин Аднан (“TV3 Malaysia”), кабарчы Суриати Сануси (“Bernama”) жана оператор Хайрул Икхван бин Жаафар (“Bernama”).
Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасын эл аралык аренада даңазалоо.