Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 28-июлга карата 11 миллиард 524 миллион куб метрге жетти. Бул тууралуу 30-июлда
“Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 765 куб метрге, агып чыккан суу секундасына 356 куб метрге жетүүдө. 31-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6 миллиард 433 миллион метр кубду түзгөн болсо, 3-июлда 10 миллиард 171 миллион куб метр болгон.