Бүгүн, 30-июлда Малайзиядан келген журналисттер Бишкек шаарындагы "Ош базарын" кыдырышты. Базарда коноктор кыргыздын улуттук буюмдарына басым жасашты. Көбү улуттук баш кийимдерди, зер буюмдарды, тумарларды, "Мен кыргыз жерин сүйөм!" деп англис тилинде жазылган кийимдерди сатып алышты. Шоппингге малайзиялыктардын ар бири 100 доллардан коротконун айтышты.
Бүгүн, 30-июлда кечинде чет өлкөлүк коноктор мекенине кайтышат.