Бүгүн, 30-июлда Малайзиянын эң алдынкы массалык маалымат каражаттарынын журналисттери "Манас" аэропортуна келишти. Коноктор Бишкек - Алматы, анан Алматы - Куала-Лумпур каттамы менен Малайзияга кетишет. Журналисттер жолдо 12 саат болушмакчы. Демек, Бишкек убактысы боюнча коноктор эртең саат 08:00 чамасында Куала-Лумпурга конушат.
Ар бир мейманга КРнын Малайзиядагы элчиси К.Султановдун атынан сүрөттөр белек катары тартууланды.
Эскерте кетсек, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен өлкөгө “The Star”, “TV3 Malaysia”, “Bernama” аттуу 3 ири малайзиялык медиамекеменин журналисттери келишкен. Алар Ысык-Көл облусунда 5 күн болушуп, кечээ, 29-июлда Бишкекке келишти.
Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасын эл аралык аренада даңазалоо.