Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең болот. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Темирлан Сманбеков SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болуп, “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.
Айта кетсек, кечээ, 30-июль күнү саат 14:00 чамасында Мукамбет Токтобаевди унаа сүзүп кеткен. Анын кесепетинен Эл артисти ооруканага жетпей каза тапкан.