Эскерте кетсек, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен өлкөгө “The Star”, “TV3 Malaysia”, “Bernama” аттуу 3 ири малайзиялык медиамекеменин журналисттери келишкен. Иш-чаранын максаты Кыргыз Республикасын эл аралык аренада даңазалоо болгон.
Бир апта саякаттаган коноктор кечээ кечинде "Манас" аэропортунан Малайзияга сапар алышкан эле.