Ошто ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн аянтча курулат

Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн балдар аянтчасы курулат. Бул тууралуу 30-июлда "Келечек ХП" коомдук фондунан билдиришти.

Маалым болгондой, шаардагы балдарды дарылоо борборунун аймагына курулуучу аянтча үчүн 2 миң доллардан ашуун каражат чогулган. Ал жерге 4 селкинчек, балдар ойноочу 2 темир жылгаяк, 2 эс алуу үчүн чатырча, 1 карусель орнотулат. Кээ бир дене мүчөлөрү кыймылдан ажыраган балдар үчүн 1 карусель, 2 кум үстүндө ойноочу аянттар курулат. 

Курулуш үчүн акча каражатын чогултуу 30-августка чейин улантылат. Ушул сыяктуу курулуштарды ишке ашыруучу долбоордун алкагында Бишкек, Каракол шаарларында жана Ленин айылында 4 аянтча курулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karona
2015-07-31 12:41:28
Жакшы экен, ушундай балдардын тагдырын ойлоп жанканынар учун Аллах раазы болсун.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан