Президент Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам
көрсөттү
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Эл артисти Муканбет Токтобаевдин каза болгондугуна байланыштуу
анын үй-бүлөсүнө президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 000 (жүз
миң) сом материалдык жардам бөлүндү. Бул тууралуу 31-июлда президенттик аппараттан билдиришти.
Айта кетсек, кечээ, 30-июль күнү саат 14:00 чамасында Мукамбет Токтобаевдиунаа сүзүп кеткен. Анын кесепетинен Эл артисти ооруканага жетпей каза тапкан. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең болот.