2022-жылы Кышкы Олимпиада оюндары Пекин шаарында өтөт. Эл аралык Олимпиада комитетинин Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында өткөн жыйынында кытайлык делегация спорттук оюндар өтө турган шаардын презентациясын көрсөттү. Оюнду өткөрүү укугун алууга Алматы шаары да ат салышып жаткан. Бул тууралуу 31-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
12 адамдан турган Кытайдын делегациясынын курамына Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Яндунь, Пекин шаарынын мэри Ван Аншунь жана башкалар кирди.
Казак тараптан өлкөнүн премьер-министри Карим Масимов, Алматы аймагынын башчысы Ахметжан Есимов жана башка спортчулар болушту. Олимпиада 2022-жылы 4-20-февраль күндөрү өтөт.