Америка чалгыны талибдердин башчысы Молдо Омардын өлгөнүн ырастады

Американын чалгындоо кызматы 1-августта "Талибан" кыймылынын башчысы Молдо Омардын каза болгонун ырастады. Үч күн мурун Ооганстандын өкмөтү да мындай маалыматты расмий түрдө тастыктаган. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта АКШнын расмийлерине шилтеме берип чет элдик ММКлар жазып чыгышты. Америка чалгынынын билдирүүсүндө "Молдо Омардын көз жумганы тууралуу маалымат ачык-айкын болгонуна карабастан, анын өлүмү Ооганстандагы туруктуулукту сактоо аракетине чоң өбөлгө түзөт" деп жазылганы айтылды. 
Буга чейин “Талибан” кыймылы менен Ооганстан бийлиги тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүсү Кытайда же Пакистандын аймагында өтөрү айтылган. Молдо Омардын өлүмү ачыкталгандан кийин эки тараптуу сүйлөшүү болбой калуусун чет элдик басылмалар жазышууда.
"Талибан" кыймылын 90-жылдары Молдо Омар негиздеген. Кийин бул кыймыл Ооганстандын көп бөлүгүндөгү бийликти басып алып, 1996-жылы Ооганстан Ислам Эмираты мамлекетин түзгөн. Талибдер Ооганстанды 1996-жылдан 2001-жылга чейин башкарып турушкан. Аталган кыймылдын жетекчиси Молдо Омар 2001-жылы НАТО күчтөрү Ооганстанга киргенде өлкөдөн качууга мажбур болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
osh93
2015-08-01 11:03:11
БАШКАЧА, адам го.
+4
Rifle
2015-08-01 13:26:55
osh93,Кыйын кишидей корунот экен . НАТО кирип да тынчтыкты орното алган жок. Ооганстанды эч ким баса албайт . Бул олсо башкасы чыгат . ХХХ ХХХ ХХХ
-2
admin_superstan
2015-08-01 18:06:08
Rifle, провокацияга, мыйзамсыз билдирүүлөргө жол жок! 12 күн БАН!
0
AiBoru
2015-08-01 11:40:09
Аны олду деген менен, ушу кезге чейин орун басарды даярдап журду да. Озунон да кучтуу кылып
+1
Aizek02
2015-08-01 11:56:20
Американы жаман коруп коебуз чындыгында коптогон ушуга окшогон террористерди жок кылып жатышат го биздин жанагы патриот сооройлорубузго Караганда
-17
Nurmuhammad.
2015-08-01 12:43:13
Aizek02, буларды АКШнын коз карашы менен карасан тероррист болот. А булар чынында оз мекенин коргогон патриоттор. Булар башка мемлекеттке эч качан зыян кылбайт.
+17
Rifle
2015-08-01 13:30:27
Россиянын СМИсине конул бурсан , Украинанын солдаттары террористтер . Украинанын маалыматы боюнча , ДНР менен ЛНР террористтер .
Эми менин жеке оюм, Украинанын солдаттары озунун мамлекетинин биримдуулугу учун согушту .
2010 жылдагы Ош окуясы мисалга келтирсек болот. Ошондогу озбектер орустардык кыймылындай эле , туштукту автономия кылабыз деген. Ал эми биздин солдаттар, жана чыныгы кыргыздар Украинанын кыймылын жасады.
+1
KGstan81
2015-08-01 20:37:06
Riflе Донбас м-н Оштогу окуяны салыштуруга болбойт.Себеби Оштогу окуяда КРнын куралдуу кучтору жеке ошол сепаратистер м-н согушкан.Ал эми азыркы кезде Донбаста Украиналык аскерлер Донецкийге артилериялык сокку урууда анын кесепети м-н мин деген тынч жарандар курман болушту жуз догон уйлор мектептер жараксыз болду.Анан украиналык аскерлер ачык эле фашистик свастикаларды тагынып журушот.
0
kudiret9413
2015-08-03 08:49:25
Aizek02, Жакшылап бир согойун дейм го Супер-Инфо бан берип койот да. Оз элин Америкадан коргогондорду террорист деп. Орустардын СМИ си мээбизге синдирип койуптур да тескери нерселерди
0
Nurmuhammad.
2015-08-01 12:58:31
АКШ эч кайсы малмлекеттке жакшылык кылбайт. Булар кирген жер созсуз согуш болот. А аларга каршы чыккан жергиликтуу калкты булар тероррист деп атап бут дуйного жаман коргозот.
+5
murashka
2015-08-01 14:19:39
Кайдагы нерселерди чукуп жон олтурбайт ушулар !
0
Taku.14.02
2015-08-01 14:57:15
Барака Обама экону бир болмого койуп койсо 10 мунотто журогу жарылып олотко сурунон
+1
ACAH_AKA
2015-08-01 15:50:48
олсо бир чал олуптур да
+1
ACAH_AKA
2015-08-01 15:53:19
талиб салиби кошулуп кочкунун астында калса да бизге зыяны жок пайдасы болсо болот
+1
Aza96
2015-08-01 17:09:07
Американын доллары да дубалангандейтго анан бул молдо умардн ордуна баласы олтуратдеп баары ойлогон бирок азыркы кундо башка бири олтуруптур
0
admin_superstan
2015-08-01 18:09:30
Night.Wolf, жеке билдирүү үчүн купуя бар!
0
kubat_1973
2015-08-01 21:52:13
Дагы бир террористтердин ана башы жок болгон экен чуу баштаган чуудан курал которгон куралдан олот.Бу да далайдын убалына калган киши
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан