Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаевдин сөөгү жерге берилди

Бүгүн, 1-августта Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Ага актёрдун жакындары, шакирттери, анын талантын сыйлаган жарандар, маданият ишмерлери катышышты. Андан соң Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Ал 30-июль күнү 68 жаш курагында күтүлбөгөн кырсыктан көз жумду. Мукамбет Токтобаев 1947-жылы 5-майда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында жарык дүйнөгө келген. Туулган жеринде орто мектепти аяктаган соң, 1964-1965-жылдары алгачкы чыгармачылык жолун Балыкчы шаарындагы Маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп иштөөдөн баштаган. 1965-1967-жылдары Ысык-Көл облусунун Маданият үйүнүн көркөм жетекчиси болгон. 1967-жылы Москвадагы А.В.Луначарский атындагы Мамлекеттик театр өнөрү институтунун актёрдук факультетине өтүп, аталган институтту 1972-жылы бүтүргөн. 1972-1976-жылдары Ош облусунун драма театрында актёр болуп эмгектенет. 1976-жылдан тартып 1990-жылга чейин Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында чыгармачылык жолун уланткан. 1990-жылдан 1995-жылга чейин жаңы ачылган “Туңгуч” эксперименталдык жаштар театрында эмгектенип, 1995-жылы кайрадан өзү иштеп кеткен Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрына келип кирет. Ошол кезден тартып өмүрүнүн акырына чейин аталган театрда актёрдук кызматты аркалап келди. 

Мукамбет Токтобаевдин өзүнүн чыгармачылык өмүрүндө театрда жана кинодо ойногон ролдору жүздөп саналат. Сахнада Ж.Б.Мольердин “Дворяндыкты эңсеген көпөсүндө” Журдендин, М.Горькийдин “Акыркыларында” Иван Коломейцевдин, К.Жантөшевдин “Курманбегинде” Тейитбектин, М.Каримдин “Ай тутулган түнүндө” думананын, Б.Жакиевдин “Миң кыялында” Токтогулдун, Т.Абдумомуновдун “Машырбек үйлөнөтүндө” Машырбектин, Ч.Айтматовдун “Жаныбарым Гүлсарысында” Танабайдын, В.Шекспирдин “Король Лиринде” Лирдин, Ж.Кулманбетовдун “Чыңгызхандын купуя сырында” Чыңгызхандын жана башка ролдорду чегине жеткирип аткарган.

Ал эми “Он үчүнчү небере”, “Фудзиямадагы кадыр түн”, “Сокур кемпир көрөгөч”, “Той”, “Чиркин өмүр” “Белгисиз маршрут”, “Чыңгызхандын ак булуту” жана башка ушул сыяктуу тасмаларда ар түркүн жанрдагы жаркын образдарды жаратып журтубуздун сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Залкар чыгармачыл инсан катары таанымал болгон жана дээрлик 50 жылдык талыкпаган чыгармачылык жолунда элибиздин эсинен кеткис жүзгө жакын театр жана кино образдарды жаратып, калкыбыздын рухий казынасынын байышына опол тоодой салымын кошту.

Мукамбет Токтобаевдин ак эмгеги өз баасын алып, 1974-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин, 1975-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1986-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", 2000-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамына татыктуу болгон. 1994-жылы Египеттеги Театр фестивалына катышкан. 2001-жылы М.Рыскулов атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты, 2002-жылы “Кинонун отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаевдин сөөгү жерге берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
KARAGER
2015-08-01 17:37:04
Жаткан жери жайлуу болсун!
0
kuba1
2015-08-01 19:24:46
Жаткан жери жайлуу болсун
0
InsanKg
2015-08-01 19:31:33
Аябай жаман болдум. Кайталангыс талант эле. Бул киши аткарган ролдорун суктануу менен корчумун. Жаткан жери жайлуу болсун.
+1
InsanKg
2015-08-01 19:34:17
Дагы канчалаган жакшы ролдору калды аткарылбай. Аттин ай, ажал экен.
+1
Samatbekandabekov
2015-08-01 19:42:39
Жаткан жериниз жайлуу болсун,топурагы торко болсун,Аллагым бардык куноолорду кечирген болсун. Оомийн .
0
33SUUN
2015-08-01 20:47:10
Кейий бергенден пайда жок.Жаткан жери жайлуу болсун.Тууган уругуна терен кайгыруу менен конул айтам!!!
0
dastan_nookat
2015-08-01 21:35:09
Жан дуйносу таза адам эле эх кандай окунучту жакындарына конул айтам!
0
kubat_1973
2015-08-01 21:46:42
Бут элди таланты менен тамшандырган адам отту бул дуйнодон.Озунуз олгон менен кыргыз эли барда эмгегиниз элесиниз эч качан унутулбайт.Аттин дедиртип канчаларды сыздатып кете бердиниз ажал улук экен не дейбиз жаткан жериниз жайлуу топурагыныз торко болсун Муканбет ага.
0
ayaza
2015-08-01 21:55:42
Жаткан жери жайлуу болсун.
0
Altun76
2015-08-01 22:18:33
Жаткан жери жайлуу болсун,аллахым бейишин берсин жакшы инсан болчу
0
adilbars
2015-08-01 22:32:09
Кудайым бейишинен орун берсин. Оор жоготуу болду кыргыз эли учун. Эми арты кайырлуу болсун.
+1
janko1
2015-08-01 22:45:21
Жайы жаннаттан болсун! Билип билбей кетирген куноолорун кечирсин Роббим!
0
Anarbek2015
2015-08-01 22:46:23
Жаткан жери жайлуу болсун,Алла бейиштин торунон орун берсин!Жакшы актёр эле арман арман ......
+1
Mirlan.so
2015-08-02 01:11:10
Жаткан жери жайлуу болсун
0
chika2292
2015-08-02 13:37:53
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан