Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылында обончу жана аткаруучу
Токон Эшбаевдин эстелиги тургузулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Иш-чарага
Султан Раев, Ош шаарынын вице-мэри
Замирбек Аскаров, түштүк жергесиндеги чыгармачыл адамдар, сүрөтчү, жазуучу, музыканттар, Токон Эшбаевдин туугандары жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.
Эске салсак, мындан бир жыл мурун, 2-августта обончу, аткаруучу Токон Эшбаев каза болгон. Анын сөөгү өзү туулуп-өскөн Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылында жерге берилген.