Кытайдын түндүгүндөгү мөндүр 6 адамдын өмүрүн алды. Дагы 43 миңдей жаран жабыркаган. Бул тууралуу 3-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кытай Эл Республикасынын түндүгүндө жайгашкан Ички Монголия автономдук районунда бир нече күндөн бери жааган мөндүр 9 миң гектарга жакын айдоо аянттарын жарактан чыгарды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 200гө жакын адамды эвакуациялашты. Мөндүр жааган аймакта куткаруучулар тобу иштеп жатат. Жалпысынан 9,9 миллион доллар зыян келтирилгени айтылууда.