Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Учкун кичи районунда жайгашкан тигүү ишканасынын кызматкерлери таштандыларды белгиленбеген жерге баш аламан таштагандыгы аныкталды. Аталган жердин айланасы антисанитардык абалга жетип, санитардык нормалар жана Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери бузулганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Жыйынтыгында аталган кызматтын инспекторлору тарабынан Ч.Нуралиеванын атына протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.