Криштиану Роналду өзүнүн агентинин үйлөнүү тоюнда арал белек кылды

Испаниянын “Реал Мадрид” клубунун лидери, португалиялык футболчу Криштиану Роналду өзүнүн агенти Жорже Мендешке арал белек кылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга таянсак, Роналду белекти Мендештин үйлөнүү тоюнда тартуулады. “Тойдун меймандарынын арасында “Реал Мадриддин” президенти Флорентино Перес жана клубдун оюнчулары Пепе менен Хамес Родригес болушту. Белек катары берилген арал Грецияда жайгашкан. Бул өлкөнүн ондон ашуун аралдары сатыкка чыгарылган, алардын баалары 3 миллиондон 50 миллион долларга чейин болууда”,- деп айтылат маалыматтарда. 

Айта кетсек, Жорже Мендеш дүйнөлүк футболдогу эң таасирдүү адамдардын бири. Ал Криштиану Роналду, Хамес Родригес, Радамель Фалькао, Анхель Ди Мария, Тьяго Силва жана башка белгилүү футболчулар менен иштешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
ularik_kg
2015-08-03 15:38:56
Бактылуу болушсун.
+1
bosmos777
2015-08-03 15:58:22
Бактылуу болушсун!Азамат жигит!
+1
beben
2015-08-03 16:26:08
Ооо азамат биз 100 мин доллар деп чырдашып журсок .
+4
moskyrsat
2015-08-03 16:30:43
Бактылуу болушсун
+1
Ayperi94
2015-08-03 16:33:46
Уйлонуу той аан Криштиану Роналду деген создорду окуп шашып кетипмин менин суйгонум кимге уйлоно калды деп. Ушу шашмамында туура эмес окуп алып, туура эмес жасап алып журо верем.
-5
sungjinsystem
2015-08-03 17:08:22
Ayperi94, шашкан кыз эрге жетпейт, эрге жетсе да этеги жерге жетпейт.
+9
bakyt_2015
2015-08-03 21:22:28
sungjinsystem, Сойдун,сойдун ха-ха-ха
+1
Ayperi94
2015-08-03 16:35:14
И баса Рони ким менен келиптир тойго ошону да жазбасынар СуперИнфо.
-1
akylbek.kg
2015-08-03 19:00:21
Ayperi94, сени менен барбаптырго демек жалгыз барганго)
+2
Kunbeken
2015-08-03 22:23:18
Ayperi94 табитинизден сиздин . Шашпай журун.
Мынча сонун арал белеке бергенди бирчи угушум ото оргиналдуу белек экен
0
Bek.kg1989
2015-08-03 23:05:07
менида чакырды эле баралбай калдымда
-1
Ayperi94
2015-08-04 10:21:37
Мен учун убакыт болгон форумчу досторума рахмат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан