Бүгүн, 3-августта Бишкекте рублдун курсу кайрадан төмөндөдү. Акча алмаштыруучу жайларда 1 рублду сатуу 1 сомго барабар болуп жатат. Ал эми сатып алуу 95 тыйынга түштү. Рубль курсунун 1 сомдон төмөн болушу өткөн жылдын д
екабрь айында болуп, 1 рублду сатып алуу 75 тыйын, сатуу 80 тыйындын тегерегинде болгон. Буга Орусияга батыш өлкөлөрү жарыялаган санкциялар, экономикалык кырдаал, дүйнөлүк рынокто мунай баасынын кескин төмөндөшү өңдүү факторлор себеп болуп келүүдө.
Орусия акча бирдигинин арзандашы аталган өлкөдө иштеп жаткан мекендештер үчүн жагымсыз көрүнүш. Анткени алар иштеп таап, мекенине жөнөткөн акчанын (рублдун) күчү жоголууда.