Иранда өтүп жаткан футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда өлкө чемпиону "Эмгек" командасы чейрек финалга чыкты.
Аталган команда өз тайпасында өзбекстандык "Локомотив" командасын 8:3 эсебинде утту.
"Эмгектин" футболчулары оюнду баштан-аяк ишенимдүү көзөмөлгө алып, каршылаштарынын дарбазасына бир топ курч чабуул жасашкан. Ал эми япон командасы "Нагоя Оушенс" менен 2:2 эсеби менен тең чыккан. 4-августта Кувейттин командасы менен ойнойт. Азия биринчилиги 31-июлда старт алган, 7-августта жыйынтыкталат. Бул тууралуу 3-августта КРнын Футбол федерациясы кабарлады.