Футбол боюнча мамлекетибиздин улуттук курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Түркиянын 4-Лигасындагы "Afjet Afyonspor" клубуна өттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта КРнын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Мурзаев жаңы клуб менен бир жылга келишим түздү. Ал футболкасындагы "10" катар санынын алдында ойнойт.
"Команданын алдыдагы максаттары көп, оюнчулар абдан ынтымактуу экен. Клубдун жетекчилиги менин ойногонумду карады. Андан кийин келишим түзүү сунушталды",- деди Мурзаев.
Айта кетсек, буга чейин М.Мурзаев "Дордой" клубунда ойноп келген.