Кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыккан уруштан улам ооруканага жаткырылган 4 адамдын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Баткен облустук ооруканасынын башчысынын орун басары Залкар Баймуратов SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, кечээки жаңжалдан улам А.Мурадилов, К.Темиров, О.Аширова жана Н.Абдуллаев ооруканага жаткырылган.
Айта кетсек, кечээ, 3-августта Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда уруш чыгып, эки тарап бири-бирин таш бараңга алышкан.