Баткенде кыргыз-тажик жаңжалынан жапа чеккендердин чыгымдары эсептелип жатат. Бул тууралуу
SUPER.KG'ге Баткен районунун Көк-Таш айылынан байланышка чыккан окурман кабарлады. Атын атагысы келбеген окурман учурда абал туруктуу экенин кошумчалады. "Эки тараптан 100дөй адам чогулуп турат, бирок абал турукташкан",- деди ал. Айта кетсек, 3-августта Баткен районунун Көк-Таш айылынан 80 кыргыз, Тажикстандын Чорку деген айылынан 120 тажик чогулуп, суу жана жол маселеси боюнча жаңжалдаша кетишкен. Анткени алгач Чорку айылынын эли Көк-Таштын жогору тарабындагы Майское айылындагы мүрзөгө бара турган жолду тосуп салган. Ага жооп катары Көк-Таштын эли Тажикстандын Чорку айылына барчу сууну бөгөп салган. Натыйжада уруша кетишкен. Андан кыргыз тараптан 5 адам жаракат алып, 7 үй, 1 автоунаа талкаланды.