2-августта орун алган оюндардын жыйынтыгында футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын мелдеш жадыбалында өзгөрүү болду. Бул күнү Ош шаарынын "Алай" футболдук клубу өз үйүндө канттык "Абдыш-Атаны" кабыл алып, 1:0 эсебинде утуп алды. Муну менен "Алай" 11 оюнда топтогон упайларынын санын 28ге жеткирди. Буга чейин мелдеш жадыбалынын башкы сабында атын жазып келген "Дордойдун" карамагында 11 оюндан 26 упай бар.
Орун |
Команда |
Оюн |
Упай |
1 |
"Алай" (Ош) |
11 |
28 |
2 |
"Дордой" (Бишкек) |
11 |
26 |
3 |
"Абдыш-Ата" (Кант) |
10 |
13 |
4 |
"Алга" (Бишкек) |
10 |
11 |
5 |
"Ала-Тоо" (Нарын) |
11 |
7 |
6 |
"Кейжи Юнайтед" |
11 |
4 |
Назарыңыздарды акыркы 2 тур оюндарынын жыйынтыктарына бурабыз:
29-июль. Ош шаары
"Алай" (Ош) - "Алга" (Бишкек) - 3:0
2-август. Ош шаары
"Алай" (Ош) - "Абдыш-Ата" (Кант) - 1:0
2-август. Бишкек шаары
"Ала-Тоо" (Нарын) - "Алга" (Бишкек) - 0:1