Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 13:00 чамасында Көк-Таш айылында кыргыз-тажик жарандары бири-бирине таш ыргытышкан. Анын кесепетинен 3 кыргыз жараны жабыркаган. Ошол учурда тажик тараптан ок атылганы айтылды. Бирок кыргыз тараптан ок чыгарылган эмес.

Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Айта кетсек, кечээ, 3-августта Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда уруш чыгып, эки тарап бири-бирин таш бараңга алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
talant87
2015-08-04 15:04:08
ээ суйлошуп нени чечмексин айта бул жер менин жерим бул жагы сенин жерин (точка) отсонор курал колдонулат деп суйлошулор суйлошуулор журуп жатат дебей элди кыйнабай
+4
kama_future_millioner
2015-08-04 15:26:53
Кана чооңдор биринчи ушул маселелерди чечип албайбы шайлооого чуркабастан
+1
Aviator
2015-08-04 15:59:19
суйлошуулор журуп жатат эле дейсинер же бир жыйынтык жок. же урушкула, таш ыргыткыла деп суйлошуп атышабы
0
gul1987
2015-08-04 17:16:48
Эртерек чек ара маселесин чечип, тиешелүү чараларды көрүш керек. Бөөдө карапайым элге кыйын болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан