"Beeline" компаниясынын башкы директору Олег Клочко тергөө иштерине байланыштуу кызматынан четтетилди

"Beeline" компаниясынын башкы директору Олег Клочко тергөө иштерине байланыштуу кызматынан четтетилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тергөө амалдары учурунда башкы директордун милдеттери компаниянын коммерциялык директору Андрей Золотаревге тапшырылды.
Айта кетсек, "Beeline" компаниясынын башкы директору Олег Клочко үстүбүздөгү жылдын февраль айындагы жол кырсыгы боюнча айыпталууда. Мындан улам ал Ички иштер министрлигине суракка чакыртылган. 25-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Олег Клочкону үй камагына чыгарган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан