Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүштү

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев жана Тажикстандын Чек ара командачылыгынын төрагасынын биринчи орун басары Ражабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сүйлөшүү учурунда чек арадагы абалды турукташтыруу, кырдаалды өзгөртүү боюнча биргелешип иштешүү маселелери талкууланды.

Айта кетсек, бүгүн саат 13:00 чамасында Көк-Таш айылында кыргыз-тажик жарандары бири-бирине таш ыргытышкан. Анын кесепетинен 3 кыргыз жараны жабыркаган. Ал эми кечээки чатакта кыргыз тараптан 5 адам жаракат алып, 7 үй, 1 автоунаа талкаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sagyn91
2015-08-04 16:22:28
Качанга чеин суйлошту, жолуктук, суйлошуулор болуп жатат дейсинер. Телефондо эмне чечилмек эле Силер жогору жакта отурсанар, мындай так так иштегилечи элди кыйнабай.
+1
admin_superstan
2015-08-04 16:59:09
iliaz-sng, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
temirov76
2015-08-04 17:19:54
Буга чейин да мындай суйлошуулордун далайы болгон бирок жылыш болмок тугул жыты да жок.
0
kubat_1973
2015-08-04 17:34:48
Биздин чондор менен КТРК суйлошуу журуп жатат абал туруктуу кооптонуга негиз жок дегенден башканы билишеби деги. Абалды телефон менен чечебиз деген жомок да.Эки тараптуу жогорку денгээлдеги суйлошуу керек.Ак уйдо олтуруп пара жегенден коро эчак чечуу керек эле чек ара маселесин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан