"Ушул маалда Баткен районуна караштуу кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Майское айылында кырдаалды Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери толук көзөмөлдөөдө.
Ошондой эле чатак чыккан жерде кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков менен Тажикстандын Согди облусунун губернаторунун ортосунда да сүйлөшүүлөр болору күтүлүүдө.
Кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери чектеш аймакта болуп жаткан кырдаалды көзөмөлдөөдө жана жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө",- деп айтылат маалыматта.