4-августта саат 19:00дан баштап өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңишбек Разаков, Башкы ордо зардалы – Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Искендер Мамбеталиев, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү бийликтин башчылары кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги чатак чыккан айылдын жашоочулары менен жолугушууда.
Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын жаңжал чыккан аймакта жашаган тургундары менен чыр-чатакты чечүүнүн жолдорун талкуулашты.
Ушундай эле түшүндүрүү иштерин Тажикстандын жарандары менен тажик жетекчилери өз тарабында өткөрүп жатышат.
Кыргыз-тажик чек арасында чатактын курчуп кетпөөсүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусундагы бөлүктөрү чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өтүштү. Ал эми Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы көзөмөлдөө-өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иш алып барышууда.