Футзал боюнча
өлкө чемпиону "Эмгек" командасы Азия чемпиондугунун чейрек финалында утулуп калды. Бул баскычта мекендештерибиз
кувейттик "Аль-Кадсия" командасына 4:1 эсебинде утулуп калышты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты. Маалым болгондой, бул беттештин жыйынтыгында "Эмгек" чемпиондук жарыштан четтеп калды.