Бүгүн, 5-августта Бишкек шаарындагы Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмү үчүн балдар ойноочу комплекс ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ойноочу жай балдардын муктаждыгын жана коопсуздук нормаларын эске алуу менен салынган. Комплексти курууда коомдук уюмдар, партиялар, шоу-бизнес өкүлдөрү жана жеке компаниялар акчалай жардам көрсөтүшкөнү да белгилүү болду.