Ош облусунун казыяты аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 2015-жылдагы орозо-битирдин эсебинен жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта аталган казыяттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда,
кечээ, 4-август күнү Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов баштаган казыяттын
жамааты Ош облустук балдар ооруканасында болуп, жардамга муктаж балдарга
кайрымдуулук иретинде акчалай жардам тапшырды. Ошол
эле күнү Кара-Суу районундагы атайын дүлөй балдар үчүн
жатак-мектебинин балдарынан
жана Ош шаарындагы “Мухсин Нур” көзү азиздер коомунун мүчөлөрүнөн кабар алынып, алардын да муктаждыктарына
жараша акчалай жардам көрсөтүлдү.
Ош облустук мусулмандар казыяты тарабынан бүгүнкү күнгө карата жеке кайрылган жарандарга жана балдар үйлөрүнө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 55 900 сом материалдык жактан көмөк көрсөтүлдү.
Эскерте кетсек, казыят тарабынан мындай кайрымдуулук иш-чаралары облустун бардык аймактарында улантылууда.