ЭЛДИК КАБАР: Лейлекте үлпөт тойго чыккан унаа ала салып кетип, бир адам көз жумду

Баткен облусунун Лейлек районундагы Катраң айылында үлпөт тойго чыккан унаа ала салып кетип, бир адам көз жумду. Кырсык кечээ, 4-августта болгонун окурман SUPER.KG'ге Whatsapp аркылуу 5-августта билдирди. Окурмандын айтымында, кырсыктан дагы 3 адам жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилди. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
aikol87
2015-08-05 14:18:44
Жаман болуптур.
0
bishkek.kg
2015-08-05 15:57:05
Кудайым озун сакта!!
0
deva
2015-08-05 15:30:06
Кара жолтой келин атыгат экен да эми
0
nelya88
2015-08-05 15:45:25
Иий,бизде да туугандарыбыздын тоюнда куйоо жолдош авариядан коз жумган эле..Эки жаш акыры ажырашып тынышты.
-3
ilya.
2015-08-05 17:38:05
кырсыктан каза болуптур көңүл айтам, бирок үлпөт тойго чыккан унаа ала салып кетип деген сөзгө түшүнө албадым
0
temirov76
2015-08-05 19:56:06
ilya., тоголонуп кетип деген соз да.
0
marmilantka
2015-08-05 18:18:49
ilya туура айтасын мен да тушунбодум бул созго.
-1
Beka1986
2015-08-06 02:48:30
marmilantka, Кандай эле тушунбойсунор тообо кылдым."үлпөт той" деген орусча айтканда "свадьба",свадьбага чыккан машина авария болуптур.ЗАГСка чыккан машина авария болуптур,машина жасап чыгасынго баш кошкон эки жаштын тоюнда,ошолор кырсыкка учураптыр.
0
ilya.
2015-08-06 14:01:41
Beka1986, маанисине карап тушундук бирок ала салып деген сөздү башкача вариантта жазса болмок
0
33SUUN
2015-08-06 00:31:32
Келинде эмне куноо?,куноо айдоочуда!Анырандап катуу ылдамдыкта айдадыда,кысыыып айдабай.
+4
Sayragul
2015-08-06 11:21:51
Кыргыздын бир жакшына тушунуктуу создорун тушунбогон кимдер булар озу, адабий китеп окуп, соз байлыкты, кругозорду которуш керек,уят соз тушунбой тобоо . Ала салып - оодарылып .
+2
ilya.
2015-08-06 13:57:52
Sayragul,кандайча түшүнүктүү Ала салып - оодарылып дегенин биринчи жолу угуп атам кайсы адабий китепте ала салып деп жазды экен же лейлектин адабий тили ушундайбы
-1
temirov76
2015-08-06 19:47:27
ilya., кабарды лейлектик жиберген менен ала салып деген созду билимдуу эле редакциядагылар жазып атпайбы,силер озу мектептин классында эле окугансынарбы же коридорундабы,бул накта кыргыздын эле созу.
0
maks1980bishkek
2015-08-08 15:44:04
temirov76, ошону айтсан.окурман авария эле деп жазса керек супер админдер кыргызча даана жазып коюшканго.ала салып антарылып деген соз
0
bakyt_2015
2015-08-08 16:34:16
Откондо да ушушдай окуя болгону жазылса ушулар сыяктуу уч-тортоо чыгып (мумкун ушулар чыгар) тушунбойбуз деп атышкан, эми да ошону кайталап калышкан тура. Тушунуп эле турат жон гана бойроктон шыйрак чыгарган немелер да. Жазылган кабарды да жое окубай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан