16 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн өспүрүмдөр курамасы бүгүн, 5-августта Москва районундагы Ак-Суу айылындагы балдар үйүндө болушту. Анда жаш футболчулар ал жактын тарбиялануучулары менен маектешишти. Ошондой эле аларга мээрим төгүп, таттууларды тапшырышты. Өз кезегинде рахмат айтып, ыр айткан жаш балдар футболчуларга жеңиш каалашты.
КРнын Футбол федерациясынын өкүлдөрү билдиришкендей, мындай жөрөлгө салтка айланып, бардык курактагы улуттук курамалар маанилүү мелдеш үчүн же даярдык үчүн чет жакка чыгып жатканда дайыма аткарылат. Андагы башкы максат - футболчулардын башка адамдардай эле коомдогу көйгөйлөргө терең аралашуусун, коомдогу жоопкерчиликти сезе билүүсүн камсыздоо.
Учурда бул балдар үйүндө 100гө чукул бала тарбияланат. Алардын басымдуу бөлүгүн ата-энелери карабай кеткен социалдык жетимдер түзөт.
Кошумчалай кетсек, 16 жашка чейинки курактагы футболчуларыбыз сентябрь айында өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандап алуу туруна катышышмакчы. Бул тандап алуу турунда алар Непал, Иордания жана Омандын футболчулары менен беттешишет. Мелдешке даярдык Кытайда көрүлөт.