Жалал-Абад облусунда өспүрүмдөр “Менин мекеним” долбоорунун алкагында саякатка чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чаранын максаты балдардын эс алуусуна мүмкүнчүлүк жаратып берүү, убактыларын туура пайдаланууга үйрөтүү болуп саналат. Саякаттын алкагында балдар алгач Өзгөн шаарындагы мунарада, Ош шаарынын борбордук аянты менен Сулайман-Тоодо болушту.
Айта кетсек, жогоруда аталгандай саякаттар “Мекеним менин” долбоорунун алкагында жыл сайын уюштурулуп келет.