Өлкө аймагында тоо-кен тармагы боюнча көчмө семинарлар өттү. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Геология жана минералдык ресурстар агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, семинарда тоо-кен тармагынын саясаты жана стратегиясы, экологиялык, социалдык-экономикалык пайдалар тууралуу түшүндүрмөлөр берилди. Семинарга жалпысынан 300гө жакын адам катышып, семинар Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Баткен, Ош облустарында өттү. Анда катышуучулар тарабынан көбүнчө экологиялык жана кен иштеткен ишканалардан түшкөн пайдалар тууралуу суроолор берилди.